Венадагы террордук чабуул: Эки адам каза болуп, кол салгандар качып кетишти

3 ноябрь 2020 10:10 1241 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2-ноябрь күнү кечинде белгисиз адамдар тобу Австриянын борбору  Венада бир катар кол салууларды уюштурушту. Кол салуудан бир адам окуя болгон жерден каза болду, бир жабырлануучу кийинчерээк ооруканада көз жумду, 15 адам жаракат алды. Кол салгандардын бирөө өлтүрүлгөн, калгандары качып кетүүгө үлгүрүшкөн. Бийлик бул окуяны теракт деп эсептеп жатат. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазып чыккан маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Азырынча кылмышкерлердин максаты, так саны жана ким экендиги белгисиз. Бийлик маалыматтарды ачыкка чыгаруудан баш тартты, анткени аларды кармоо операциясы жүрүп жатат. 

Венанын жашоочуларына үйдө отурууга буйрук берилди. Австриянын канцлери Себастьян Курц операция дагы бир нече саатка созуларын айтып, жарандарды эртең менен эшикке чыгардан мурун акыркы жаңылыктар менен таанышууга үндөдү.

Жалпысынан полиция жана Ички иштер министрлиги кол салуулар болгон алты жер жөнүндө билдиришти. Биринчи билдирүүлөрдөн кийин дээрлик дароо ММКларда адамдарды барымтага алуу жөнүндө маалыматтар пайда боло баштады, бирок алар тастыкталган жок, ошондой эле кол салгандардын айрымдарынын кармалгандыгы жөнүндө маалымат таркап жатат. Австриялык телекөрсөтүүлөр бир топ кишинин кармалышы боюнча кадрларды көрсөттү, бирок кийинчерээк Ички иштер министри Карл Нехаммер алардын кармалгандыгын тастыктаган жок. Ал “кылмышкерлерди дагы деле издеп жатабыз” деди.

Бийлик Венанын тургундарын көчөгө чыкпоого үндөштү. Айрымдары ресторандарда баш калкалап, жер төлөлөргө түшүп кетүүгө аргасыз болушкан, миңге жакын адам Вена операсында "камалып" турушкан.

Бир чабуулчу жок кылынганы белгилүү болду. Австриянын Ички иштер министрлиги террорчу деп шектелгендердин жанкечти курлары болгон деген маалыматты тастыктаган да, төгүндөгөн да жок. Өлтүрүлгөн кол салуучудан узун снаряддуу ок атуучу курал табылган, анын жанкечти куру муляж болушу мүмкүн.

Себастьян Курц Твиттердеги баракчасына кол салууну теракт деп атады.

"Биз азыр оор мөнөттөрдү баштан кечирип жатабыз. Бүгүнкү күндө биздин коопсуздугубуз үчүн өмүрүн тобокелге салган бардык кызматтарга ыраазычылыгымды билдирем. Биздин полиция бул үрөй учурган террордук чабуулдун уюштуруучуларына каршы чечкиндүү иш алып барат", - деп жазган ал.

Бийлик азырынча өлтүрүлгөн кол салуучунун өздүгү тууралуу маалымат тарата элек. Экстремисттердин маалыматтык ишине байкоо салган америкалык SITE Intelligence Group компаниясы жихадчылардын Венадагы кол салууга катыштыгы бар экендигин жарыялады.

Чабуулчулардын так саны белгисиз, ЖМКларда жети адам болушу мүмкүн деп жазылып жатат, бийлик конкреттүү маалыматтарды бере элек,  бирок алгачкы сааттарда кол салгандардын бир тобу дагы деле качып жүрөт жана алар жакшы куралданган деп айтышты. 

Полиция кол салгандарды кармоо үчүн бардык күчтөрдү колдонду. Армия, полиция кылмышкерлерди табууга Венадагы бир катар объектилерди коргоону өзүнө алган.

Австриянын мектептери жабылып, окуучуларды үйдөн чыкпай турууга буйрук берилди.

Австриянын президенти Александр Ван дер Беллен Венадагы окуяларга комментарий берип жатып, эркиндикти жана демократияны ар тараптан коргоого убада берди.

Ссылка: https://barometr.kg/venadagy-terrorduk-chabuul-eki-adam-kaza-bolup-kol-salgandar-kachyp-ketishti



Добавить комментарий