Бишкекте 30-августта велоспорт боюнча таймаш өтөт

20 август 2020 16:54 768 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бишкекте 30-августта веложарыш өткөрүлөт. Шаардыктардын коопсуздугу үчүн веложарыштын катышуучуларынын ортосундагы социалдык аралык сакталат. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматына таянып “Барометр” билдирет.

Ден-соолукту бекемдөө үчүн уюштурулуп жаткан иш-чара жаңы ачылган "Адинай" паркынын түндүк тарабынан башталат. Маршрут Ч. Айтматов проспектиси аркылуу Орто-Сай айылына багыт алып, Байтик баатыр жана Токомбаев көчөлөрү аркылуу баштапкы жерине келет. Айланма веложүрүштүн жалпы аралыгы 10 чакырымга эсептелген.


"Велоспортчуларды шаардык Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын үч унаасы жана бир тез жардам коштоп жүрөт", - деп айтылат маалыматта.


Мэрия айдоочуларга кайрылып, жол кыймылы айрым жерлерде автотранспорттор үчүн бир тараптуу чектөөлөр болорун, топ өтөрү менен жол кайра ачыларын эскертти.

Уюштуруучулар веложарышка катышуучуларга атайын баш кийим, жеке коргонуу каражаттары, бет кап, антисептик болушу зарылдыгын эске салып, мындай талаптарды аткарбагандар иш-чарага катыша албай турганын билдирет.

Мэрия шаардагы велосүйүүчүлөрдү "Адинай" паркынын түндүк тарабынан күтөт.

Ссылка: https://barometr.kg/velosporttu-sjchlrg-zhakshy-zhaylyk-30-avgustta-velozharysh-tt



Добавить комментарий