«Альянс Алтын» спорт сүйүүчүлөрүн колдоо максатында, каржылык жардамдарды көрсөтүп келет

30 июль 2024 16:27 Barometr
Бөлүшүү:
ok

«Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду спорт сүйүүчүлөрүн колдоо максатында, каржылык жардам көрсөттү. 

Баса белгилей кетсек, «Альянс Алтын» өнүктүрүү фонду Талас шаарындагы  “Талас файт” спорт клубуна колдоо көрсөттү.  

"Фонд “Талас файт”  улуттук күрөш «Кулатуу Эртаймаш ММА федерациясы” коомдук бирикмесине 699 миң сом демөөрчүлүк кылды. Клуб машыга турган жаңы шаймандар менен камсыздалды. Ошондой эле ички ремонт иштери жасалып, намазканасы талаптагыдай болуп оңдолду. Быйылкы колдоону эске алганда “Альянс Алтын” өнүктүрүү фонду ушуну менен “Талас Файт” спорт клубуна 3-жолу колдоо көрсөттү. Буга чейин 2018-жылы 180 миң сом, 2022-жылы 785 миң 760 сом каражат бөлүп, машыгуучу жайдын шарттарын жаңылоого жардам берген", - деп айтылат маалыматта. 

Белгилей кетсек, аталган спорт клуб Талас шаарындагы почта кызматынын жер төлөөсүндө жайгашкан. Ал бүгүнкү күндө  жаштарды жана орто муундагы спорт сүйүүчүлөрүн машыктырып, эл аралык деңгээлдеги таймаштарга катышып Талас облусунун намысын коргоп келет.



Ссылка: https://barometr.kg/alyans-altyn-nktr-fondu-sport-sjchlrn-koldoo-maksatynda-karzhylyk-zhardamdardy-krstp-kelet



Добавить комментарий