“Вампир” адамдар дайыма колдоно турган сөздөрдү билип алыңыз!

19 март 2019 13:39 6557 2 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Сиздин айланаңызда сизди ишенимден тайдырып, ал тургай депрессияга түшүрүп, жөн жерден ызы-чуу чыгарган адамдар барбы. Бар болсо анда куттуктайбыз! Сиз накта “вампир” адамга жолугуптурсуз.  “Вампир” деп психологияда кадимки азуулары менен тиштеген  жомоктогу желмогузду эмес шарттуу түрдө, адамды басынтып, аны чүнчүткөн адамды айтып коюшат. Жашооңуздун астан-кестеңин чыгарган мындай адамдардын жанында болгондон кийин өзүңүзгө карата ишеним төмөндөп, алыңыз куруп, эч нерсеге көңүлүңүз келбей калат. “Вампир” адамдар бат алдаган, амалкөй, туруксуз, долу болушат.

Алардан кантип коргонуш керек? Бул үчүн алардын кандай сөздөрдү коп колдонуусун, кандай жүрүм-турумга ээ экенин билгениңиз жөн.Төмөндө barometr.kg алардын көп колдонгон фразаларын сунуштайт.

Биринчиси: Эмнени айтып жатканыңды билип атасыңбы?!

Экинчиси: Өзүң күнөөлүүсүң!

Үчүнчү: Дайыма эле ушинтип басып жүрөсүң, ашыкча эле апырта бересиң...

Төртүнчү: Мен сага айткам, андай кылба дегем...

Бешинчи: Сенин кимге керегиң бар дейсиң...

Алтынчы: Колуңан эч нерсе келбейт!

Ушундай жолдор менен мындай адамдар сиздин ишенимиңизди талкалап салат. Ошондуктан сүйлөшкөн учурда дайыма ушундай сөздөрдү угуп жүрсөңүз, өзүңдү колго алып абалды туура талдап, бул адамдар менен маиле түзүү керекпи же жокпу жакшылап ойлонуп көрүңүз!

Ссылка: https://barometr.kg/vampir-adamdar-dajyma-koldono-turgan-szdrd-bilip-alyyz



Добавить комментарий