Валентина Шевченко UFC эң мыкты мушкерлер рейтингинде Тайрон Вудлини ашты
Кыргызстандык мушкер Валентина Шевченко UFC эң мыкты мушкерлер рейтингинде бир сапка көтөрүлүп, атактуу америкалык мушкер Тайрон Вудлини артка калтырды. Бул тууралуу спорттук уюмдун расмий баракчасында кабарланды.
Маалыматка ылайык рейтинг 9-июндагы Чикаго шаарында өткөн UFC 238 турниринден кийин жаңыланган. Бул турнирде Шевченко америкалык мушкер Жессика Айды нокаут кулатып, чемпиондук наамын коргоп калды.
UFCнын жаңы рейтингинде кыргызстандык мушкер эң төмөнкү салмактагы чемпиондук наамын сактап 13 сапка чыкты.
Жаңы рейтингдин сап башында UFCнын оор салмактагы чемпиону Даниель Кормье, экинчи орунда Джон Джонс, үчүнчү орунда UFCнын жеңил салмак боюнча чемпиону, орусиялык мушкер Хабиб Нурмагомедов турат.
Ссылка: https://barometr.kg/valentina-shevchenko-ufc-e-mykty-mushkerler-rejtinginde-tajron-vudlini-ashty
Добавить комментарий ×