Вакцина алгандан кийин каза тапты деген аялдын өлүмү боюнча экспертиза жүргүзүлүүдө
Бишкектеги травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун токсикология бөлүмүндө аялдын каза болушу тууралуу факты боюнча соттук-медициналык экспертиза жүрүп жатат. Бул тууралуу брифингде Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүгүү министринин орун басары Джалалидин Рахматуллаев билдиргенин “Барометр” маалымдайт.
Аталган өлүм фактысы боюнча эксперттик комиссия түзүлдү, эмдөө өлүмгө алып келиши мүмкүндиги тууралуу байланыштар изилденүүдө.
“Каза тапкан аялдын баласынын айтымында 19-июлда саат 8.30да ал № 1 үй-бүлөлүк медицина борборунда «Спутник V» вакцинасы менен эмделген, кечээ саат 11.30да каза тапкан”,-деп айтты орун басар.
Джалалидин Рахматуллаев учурда бул боюнча иликтөө иштери жүрүп жатканын кошумчалады.
Эскерте кетсек, 22-июлда Бишкектеги травматология жана ортопедия илимий изилдөө борборунун токсикология бөлүмүндө аял каза тапкан. Жакындары аны эмдөө алгандан кийин көз жумду дешүүдө.
Ссылка: https://barometr.kg/vakcina-algandan-kijin-kaza-tapty-degen-ayaldyn-lm-boyuncha-ekspertiza-zhrgzld
Добавить комментарий ×