Санкт-Петербургда болгон жол кырсыгынан кыргызстандык каза тапты

2 апрель 2019 09:30 2115 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Санкт-Петербургда болгон жол кырсыгынан кыргызстандык каза тапты. Бул тууралуу Россиядагы Кыргызстандын элчилигинен кабарлашты.    

30-мартта эртең менен Невский жана Литейный проспектисинин кесилишинде бир нече унааларлын кагылышында жол кырсыгы катталган. Авариядан улам "Фольксваген Поло" унаасын айдап бара жаткан КРнын жараны, 1978-жылы Ош областынын Чоң-Алай районунда туулган  Т. У., кырсык болгон жерде каза тапты. Калган жабырлануучулар ооруканага жеткирилди.

Авариянын себептери эмнеден улам келип чыкканы такталып жатат.

Ссылка: https://barometr.kg/v-sankt-peterburgda-bolgon-zhol-kyrsygynan-kyrgyzstandyk-kaza-tapty



Добавить комментарий