Санкт-Петербургда болгон жол кырсыгынан кыргызстандык каза тапты
Поделиться в:
Санкт-Петербургда болгон жол кырсыгынан кыргызстандык каза тапты. Бул тууралуу Россиядагы Кыргызстандын элчилигинен кабарлашты.
30-мартта эртең менен Невский жана Литейный проспектисинин кесилишинде бир нече унааларлын кагылышында жол кырсыгы катталган. Авариядан улам "Фольксваген Поло" унаасын айдап бара жаткан КРнын жараны, 1978-жылы Ош областынын Чоң-Алай районунда туулган Т. У., кырсык болгон жерде каза тапты. Калган жабырлануучулар ооруканага жеткирилди.
Авариянын себептери эмнеден улам келип чыкканы такталып жатат.
Ссылка: https://barometr.kg/v-sankt-peterburgda-bolgon-zhol-kyrsygynan-kyrgyzstandyk-kaza-tapty
Добавить комментарий ×