Кыргызстанда баңгизат сатып жүргөн чет өлкөлүк топ кармалды

13 февраль 2023 13:41 720 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстанда мекендештерине баңгизат сатып жүргөн чет өлкөлүк топ кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, 7-февралда Ысык-Ата милициясына арыз менен Кант шаарында  жашаган Пакистан Ислам Республикасынын жараны 1998-жылы туулган С.З.  кайрылып,  1-2-февраль күндөрү  үйүнүн эшигин бузуп кирип, жашыруун түрдө 10 000 АКШ долларын, 2 даана MacBook жана “iPhone 14 Pro” үлгүсүндөгү жаңы уюлдук телефонун уурдап кеткен белгисиз адамдарга карата чара көрүүнү суранган.  

“Аталган факт Ысык-Ата РИИБне катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренесинин (уурдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Чүй ОИИББдин жана Ысык-Ата РИИБнын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын негизинде кылмыш ишине шектүү катары Пакистан Ислам Республикасынын жарандары 2002-жылы туулган М.Х., 1999-жылы туулган М.Г., 1999-жылы туулган А.М.   аныкталып, алар сурак учурунда Пакистан Ислам Республикасынын жараны С.З. үйүнөн баңгизатын уурдагандыгын, башка эч нерсе албагандарын билдиришкен.

2023-жылдын 9-февралында аталган кылмыш ишинин материалдары өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 286-беренесинин (Баңгизат каражаттарын же психотроптук заттарды уурдоо же болбосо опузалап алып коюу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Бул кылмыш ишинин алкагында Чүй ОИИББдин жана Ысык-Ата РИИБнын тергөөчүлөрү, ыкчам кызматкерлери тарабынан кармалган Пакистан Республикасынын жарандары 2002-жылы туулган М.Х., 1999-жылы туулган М.Г., 1999-жылы туулган А.М. үйлөрүндө тинтүү иштери жүргүзүлүп, алардан өлчөмү 1504 граммды түзгөн “Гашиш-афган чарсы” баңгизаты табылып алынган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө, арыз ээси С.З. Пакистан Ислам Республикасынан алып келинген баңгизатты Кыргыз Республикасында жашаган мекендештерине узак убакыттан бери сатуу менен алектенгени аныкталган.

2023-жылдын 9-февралында материалдар кылмыш ишинен өзүнчө өндүрүшкө бөлүнүп, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин (Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо) негизинде кылмыш иши козголгон.

Аталган кылмыш ишинин алкагында, жаран С.З. үйүндө тинтүү жүргүзүлүп, андан 55 грамм салмактагы баңгизаты (гашиш) табылып  алынган.

2023-жылдын 9-февралында Пакистан Ислам Республикасынын жарандары 2002-жылы туулган М.Х., 1999-жылы туулган М.Г., 1999-жылы туулган А.М. жана 1998-жылы туулган С.З.   Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин  96-беренесине ылайык кармалышып, убактылуу кармоочу жайга киргизилишкен.

2023-жылдын 10-февралында кылмышка шектүүлөргө айыбы угузулуп, Ысык-Ата райондук сотуна Бишкек шаарынын №1 тергөө абагына 2 айлык мөөнөткө камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын тандоо өтүнүчү келтирилип,  ал канааттандырылган.

Тергөө иштери уланууда”, -деп жазылат маалыматта. 



Ссылка: https://barometr.kg/uuruga-aryz-zhazyp-z-karmalyp-kaldy-kyrgyzstanda-bagizat-satyp-zhrgn-chet-lklk-top-karmaldy



Добавить комментарий