Ушул төрт нерсени жасаңыз! Өмүрдө кездешчү көп балээден аман каласыз!

2 июль 2019 16:05 8640 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Адамдардын жашоосунда келип чыгуучу көпчүлүк кыйын жагдайларды алар өздөрү түзүп алат”,- деп коюшат психологдор. “Ой кантип эле, капырай, мен жөн жүргөм, ушундай болушун эч кааланган эмесмин” дээрсиз. Ооба буга чейинкисин сиз жасабаптырсыз, бирок ушул макаладан баштап токтолуп, өзүңүз түзүп алган нерселерди ойлонуп, ушул төрт нерсени жасабай тажрыйба жүргүзүп көрүңүз! Жашооңуз башка жагына өзгөрө турганы шексиз. Бул төрт нерсени ар дайым жасап жүргөн адам көп балээден адам калат деп коюшат аалымдар Заманбап психологдор да бул кеңешке кошулат. barometr.kg төмөндө аларды сизге сунуштайт.

1-кеңеш.Уруш-талаш башталып калганда унчукпай калуу

“Жок мен күйөөм менен же аялым менен, башчым менен урушайын деген эмесмин өзү баштады” дейсиз. Бирок ошол уруш болгонго чейин эмне кылдыңыз эле же уруш башталганда эмне кылдыңыз бир саам токтоп ойлоно калыңызчы. Адамдар чатакташа баштаганда бири ачуусун токтотуп унчукпай калганы бул көп кыйынчылыкты жеңилдетет. “Айтарымды кийин айтам” деп койгон адамды ар дайым утушка ээ кыла турган позиция экенин далилдешкен.  

2-кеңеш: Түшүнүү, кечирүү

Бирөөгө таарынсаңыз аны кечире билген дагы чоң сапат. Ал үчүн болгон жагдайга үч адамдын көзү менен кароо деген ыкманы колдонуңуз. Биринчиси өзүңүздүн, экинчиден таарынткан адамдын көзү менен үчүнчү сырттан караган адам кандай болот эле деп аны ойлонуңуз. Ошондо бул жагдай боюнча ар бириники өз-өзүнчө экенин түшүнөсүз.Түшүнсөңүз, кечире билесиз.

3-кеңеш: Баш тартуу    

Жашоодо таарыныч, убайым адамды издебейт, адам аны өзү издеп таап алат. Өмүрүңүздү кыйындатуучу маселени өзүңүз таап алып жаткан жоксузбу?

4-кеңеш: Шүкүр айта билүү

Көп адамды колунда жок нерсе түйшөлтүп, сары убайымга салат. Бирөөдө бала жок, дагы биринде унаа жок. Дагы бир адамдын жумушу жок болсо, бирөөндө ден соолук жок. “Колуңдан келгенче аракет кыл, калганын Жаратуучуга тапшыр” деген сөз бар. Кубаласаң жетпеген нерсени кубалоонун кажети да жок. Каалаганыңыз орундала берсе өмүрдүн мааниси калбай калышы да мүмкүн. Кайгырууга себеп издебей, кубанууга жол издеңиз. Кайгырууга он себеп табылса, кубанууга дагы он себеп табылат. Шүгүрчүлүктүү, канаат кыла билүүнү үйрөгөнүңүз жөн. Сиз нааразы болгон  өмүрдү сыртынан ушундай болсом деп кыялдаган адамдар да бар. Ошондуктан келгиле ушул төрт нерсени ар дайвм жасап жүрөлү!

  

 

Ссылка: https://barometr.kg/ushul-trt-nerseni-zhasayz-mrd-kezdeshch-kp-baleeden-aman-kalasyz



Добавить комментарий