«Улуттук доппинге каршы борбор» дирекциясынына жаңы жетекчи келди
Нургүл Керимакунова «Улуттук доппинге каршы борбор» дирекциясынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу мамагентиктин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.
Өкмөттүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 819 токтому менен бекитилген мамагенттик жѳнүндѳ жобого, КРнын Эмгек кодексинин 14-беренесине ылайык Нургүл Кермакунова 2020-жылдын 21-августунан тартып 4 жылдык мөөнөткө «Улуттук доппинге каршы борбор» дирекциясынын директору болуп дайындалды.
Кермакунова Нургуль Асанбековна 1969-жылы 3-мартта туулган. Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун аяктаган.
Эмгек жолун 1995-жылы баштаган. 2004-2013-жылдары "Кыргызстан Аба Жолдору", "Кыргызаэронавигация" медициналык комиссиясынын функционалдык диагностика боюнча эксперт-доктуру болуп иштеген. 2013-жылдан 2020-жылга чейин административдик департаменттин жана РБКнын клиникалык ооруканасында функционалдык диагностика боюнча адис, чарбалык эсептөө бөлүмүнүн функционалдык диагностика бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.
Ошондой эле ар кандай эл аралык конференцияларга катышкан
Ссылка: https://barometr.kg/uluttuk-doppinge-karshy-borbor-direkciyasynyn-direktoru-dajyndaldy
Добавить комментарий ×