«Улуттук доппинге каршы борбор» дирекциясынына жаңы жетекчи келди

16 сентября 2020 13:30 804 Barometr
Поделиться в:
ok

Нургүл Керимакунова «Улуттук доппинге каршы борбор» дирекциясынын директору болуп дайындалды. Бул тууралуу мамагентиктин басма сөз кызматына таянып "Барометр" билдирет.

Өкмөттүн 2015-жылдын 2-декабрындагы № 819 токтому менен бекитилген мамагенттик жѳнүндѳ жобого, КРнын Эмгек кодексинин 14-беренесине ылайык Нургүл Кермакунова 2020-жылдын 21-августунан тартып 4 жылдык мөөнөткө «Улуттук доппинге каршы борбор» дирекциясынын директору болуп дайындалды.

Кермакунова Нургуль Асанбековна 1969-жылы 3-мартта туулган. Кыргыз мамлекеттик медициналык институтун аяктаган.

Эмгек жолун 1995-жылы баштаган. 2004-2013-жылдары "Кыргызстан Аба Жолдору", "Кыргызаэронавигация" медициналык комиссиясынын функционалдык диагностика боюнча эксперт-доктуру болуп иштеген. 2013-жылдан 2020-жылга чейин административдик департаменттин жана РБКнын клиникалык ооруканасында функционалдык диагностика боюнча адис, чарбалык эсептөө бөлүмүнүн функционалдык диагностика бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген.

Ошондой эле ар кандай эл аралык конференцияларга катышкан

Ссылка: https://barometr.kg/uluttuk-doppinge-karshy-borbor-direkciyasynyn-direktoru-dajyndaldy



Добавить комментарий