Улукбек Кочкоров өз каалоосу менен кызматтан кеткенин интернеттен билген (видео)

30 октябрь 2020 13:35 1006 Barometr
Бөлүшүү:
ok

27-октябрда, Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык ээлеген кызматынан бошотулган.

29-октябр күнү кечинде фейсбук аркылуу мурунку министр элге кайрылуу жасады.

Улукбек Кочкоровдун айтымында, өз каалоосу менен арыз жазып кызматтан кеткени тууралуу эл сыяктуу эле интернет аркылуу билген.

“Мен өз каалоом менен кызматтан кеткендигим тууралуу сиздер сыяктуу эле интернеттен билдим, бирок, бул нерсе мени капаландырбайт.  Мени Кыргыз өлкөсүнүн азыркы туңгуюктагы абалы ойлондурат", - деди ал.

Эске сала кетсек, 27-октябрда Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри өз каалоосу менен кызматтан кеткени кабарланган. 28-октябрда, Жогорку Кеңешке Эмгек жана социалдык өнүгүү министри кызмат ордуна Аида Исмаилованын талапкерлиги сунушталган. Депуттар аталган министрликке Аида Исмаилованын талапкерлигин жактырган эмес.

Ссылка: https://barometr.kg/ulukbek-kochkorov-z-kaalosu-menen-kyzmattan-ketkenin-internetten-bilgen-video



Добавить комментарий