Уланбек Эгизбаевге келген бош каттардын ээси табылды

28 июль 2018 03:00 10098 Элзат Нурманбетова
Бөлүшүү:
ok

Уланбек Эгизбаевге почта аркылуу келген бош каттарды аны сотко бергендердин адвокаты Юлия Охналева жибергенин  Азаттыкка билдирген. Бирок ал "актай барак эмес, сотко берилген доо арыздын көчүрмөсүн салгам"- деп айткан. 

Юлия Охналева - Уланбек Эгизбаевди “Көрүстөндөгү коррупция” иликтөөсү үчүн сотко берген Бишкектин түштүк-батыш көрүстөнүнүн жетекчиси Чыңгыз Апасовдун жана анын кызматкери Алихан Алиевдин кызыкчылыгын коргогон адвокат.

Ичинде актай кагаз салынган эки кат Эгизбаевге көзү тирүү кезинде, 16-июлда “Кыргыз почтасы” аркылуу келген. Ал кат А.Үсөнбаев көчөсү 24, 4-батир дарегинен жөнөтүлгөн. Кат ээсинин аты-жөнү Ю.В.Охналева деп жазылган. Сотко доо арыз берилгени тууралуу маалымдама катта да адвокаттын ысымы, дареги дал ушундай жазылган, сотко чакыруу кагазы "Азаттык" радиосуна 24-июлда тапшырылган.

Сотко доо арыз берген Чыңгыз Апасов менен Алихан Алиев Юлия Охналева алардын адвокаты экенин ырастап, мезгилсиз каза тапкан Уланбек Эгизбаевге карата доо арызынан баш тартуу ниети бар экенин билдиришкен.

Коррупциялык иштердин жүзүн ачкан бир топ ири иликтөөлөрдүн автору Уланбек Эгизбаев 22-июлда Чолпон-Атада каза болду. 

Ссылка: https://barometr.kg/ulanbek-egizbaevge-kelgen-bosh-kattardyn-eesi-tabyldy



Добавить комментарий