Улан Эгизбаевдин жубайы: "Көргөндөр "Уландын эле өзү экен уулуңар” дешет”

22 июль 2020 11:45 5149 Barometr
Бөлүшүү:
ok

 “Көргөндөр “Уландын эле өзү экен уулуңар” деген сайын шерденип, сенин өмүрүң менин эле жанымда, аны менен уланып жаткандай кубанып алам”, - деп иликтөөчү журналист Улан Эгизбаевдин жубайы Сапаргүл Абдинабиева жеке баракчасына жазды. Бул тууралуу анын социалдык тармактагы баракчасына таянып “Барометр” билдирди.

Чыгаан журналист Улан Эгизбаевдин көзү өткөнүнө туура 2 жыл болду. Ал каргашаалуу күндү эстегиси келбей, уулунун кылыктарына берилип, алдыдагы жакшы күндөргө ишенип жашап келээрин жубайы Сапаргүл Абдинабиева билдирет.  

“Бүгүн Улан арабыздан кеткенине 2 жыл болду. Ошол коркунучтуу күндү эстегим да, оозангым да келбейт. Сенсиз калган тирүүлүктүн жолу оор, сагынычтуу болсо да уланып жатат. Канчалык баарын убакыт жеңет дешкен менен, сенин өмүрүңө чыкпай калган күндүн нуру, аптабы дале болсо бир жагымды өрттөп, куйкалап турат. Жашырганда эмне! Бирок сенин артыңда өзүңө окшош бир кичинекей өжөртайдын бар экенине рахматым чексиз. Аны көргөндөр “Уландын эле өзү экен уулуңар” деген сайын шерденип, сенин өмүрүң менин эле жанымда, аны менен уланып жаткандай кубанып алам. Көздөрүнө карап алдыда бизди жакшы күндөр күтүп турганына дагы даанараак ишенип, алаксып, эзилем”, - деп жазган Сапаргүл айым.

Бүгүн маркум Улан Эгизбаевдин үйүндө ага багыштап куран окулат. Анда уулу Белектин ата деп сүрөтүн көтөрүп чуркаганын айтып, ыйлады.


“Баса, ал арада айылыңдамын, атам, апам, Белектай жакшы. Айыл, жашоо, өзүң курган короо жай баары ордунда. Бүгүн сага Куран окутабыз. Кечээ эжемдер менен боорсок жасап жатып “Ушул боорсокту тойго жасасак эмне?!” деп бир жашысак, Белек сенин сүрөтүңдү ары-бери ата деп көтөрүп жүрсө бир ыйлайбыз. Ар бир кыймылыбызда сени эстейбиз, Улан! Жарабыз айыга элек. Сени баарыбыз сагындык!”, - деп жубайы таланттуу журналистти эскерди.

Эске салсак, “Азаттыктын” чыгаан иликтөөчү журналисти Улан Эгизбаев 2018-жылдын 22-июль күнү Ысык-Көлгө чөгүп каза болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/ulan-egizbaevdin-zhubajy-ar-bir-kyjmylybyzda-seni-estejbiz-ulan-zharabyz-ajyga-elek-sagyndyk



Добавить комментарий