"Украина сулуусу-2018" чыры. Вероника Дидусенко калыстардын чечимин "дискриминация" деп атап,таажысын бербей тургандыгын айтты
"Украина сулуусу-2018" сынагынын жеңүүчүсү Киевдик сулуу Вероника Дидусенко калыстардын чечимин "дискриминация" деп атап,таажысын бербей тургандыгын билдирди.
Бул тууралуу Дидусенко айрым маалымат агенттиктерине берген интервьюсунда айтты.
Эскерте кетсек, "Украина сулуусу-2018" сулуулар сынагында Киевдик Вероника Дидусенко айрым эрежелерди бузгандыгына байланыштуу сынактан четтетилип, анын таажысы башка кызга бериле тургандыгы тууралуу чечим чыккан. Себеби, уюштуруучулар сынакка турмушка чыкпаган, баласы жок гана айымдар катыша алат деп жарыялашкан. Вероника Дидусенко баласы жана күйөөсү бар экендигин жашырып, сынакка катышкан. Ал эми калыстар сынактын кайра 30-сентябрда өтө тургандыгын белгилешүүдө.
Айта кетсек, "Украина сулуусу-2018" сынагы 2018-жылдын 20-сентябрында өтүп, ага жалпы 25 кыз катышкан. Анда Вероника Дидусенко жеңүүчү деп аталып, таажы тагынып, 300 миң гривна (737 миң 508 сом) акчалай байгеге ээ болгон.
Сулуулар сынагынын жеңүүчүсү эл аралык "Дүйнө сулуусу" сынагында Украина өлкөсүнүн атынан чыгат.
Добавить комментарий ×