УКМКнын СИЗОсунан "Айыл Банктын" жетекчисинин орун басары өз жанын кыйды
«Айыл Банк» ААКсынын мурдагы башчысынын орун басары УКМКнын тергөө абагынан асынып алды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз кызматынын маалыматына таянып "Барометр" билдирет.
Белгилүү болгондой, ал 18-июнь күнү түнкү саат 00:55тер чамасында асынып алган.
"УКМКнын тергөө абагынан өз жанын кыйган А.Б.Рди биринчилерден болуп асынган абалда аны менен чогуу отургандар көрүп, абактын кызматкерлерин чакырышкан. Ага кызматкерлер жана камералаштары тарабынан биринчи медициналык жардам көрсөтүлүп, "Тез жардам" кызматы чакырылган. Бирок, А.Б.Р. көрүлгөн аракеттерге карабай каза болгондугу аныкталган.
Шектүү менен бирге санитардык блокто дагы 3 айыпкер болгон. Бирок, алар эки кишилик эки камерага бөлүнүп жайгаштырылышкан. Ошол эле учурда, жуунуучу бөлмөлөрү жалпы болгондуктан камералардын эшиктери дайыма ачык болгон, бирок камералардын коридору өзүнчө тор менен тосулган. А.Б.Р. өз жанын кыюу учурунда жанындагы айыпталуучулар башка камерада намаз окуп жатып көрбөй калгандыктан маркумдун өмүрүн сактап кала алышкан эмес", - деп билдирди УКМКдан.
Белгилей кетсек, А.Б.Р. ден соолугунун абалына, камакта кармоонун шарттарына даттануу айтпаганын билдиришти УКМКдан.
"Ошол эле учурда анын жактоочусу да бат-баттан кирип турган. Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин талаптарына ылайык жакын туугандары менен жолугушууга уруксат берилген. Мындан тышкары А.Б.Р буга чейин камакта кармоо учурунда өз жанын кыюуга болгон аракеттери жүрүм-турумунан байкалган эмес.
Азыркы учурда тиешелүү соттук-медициналык экспертиза дайындалды", - деп кошумчалады УКМК.
Эскерте кетсек, А.Б.Р. 2022-жылдын 30-апрелинде УКМКнын СИЗОсуна камалган.
Ага карата “Коррупция” беренеси боюнча иш козголгон.
Ссылка: https://barometr.kg/ukmknyn-sizosunan-ajyl-banktyn-zhetekchisinin-orun-basary-z-zhanyn-kyjdy
Добавить комментарий ×