УКМК: Төрөбай Зулпукаровдун диплому жасалма экени аныкталды

14 июнь 2021 11:18 2513 Айпери Эшенкулова
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин депутаты З.Т.З жасалма дипломду колдонуп келгени аныкталды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматына шилтеме берип "Барометр" билдирет.

УКМКнын сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн иш-чаралардын жыйынтыгында, мурдагы вице-спикер, Жогорку Кеңешинин КСДП фракциясынын депутаты З.Т.З тарабынан жасалма дипломду колдонуу фактысы аныкталды. 

Маалыматка ылайык, З.Т.З 1998-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин Тарых факультетинин үчүнчү курсунан чыгарылган. Окуудан чыгарылышынын себеби, билим алуу үчүн акысын төлөбөгөндүгү болгон. Андан кийин, З.К.Т Жусуп Баласагын атындагы КУУ тарабынан берилген делген жасалма дипломду Ош мамлекеттик университетине кабыл алууга колдонуп жана ошондой эле ЖКнын депутаты активдүү саясий ишмердүүлүк мезгилде, экинчи жогорку билим алган.

Жусуп Баласагын атындагы КУУдан алынган жоопко ылайык, З.К.Т университеттин бүтүрүүчүлөрүнүн катарында жок болгон, көрсөтүлгөн номер менен катталган диплом башка жаранга берилген. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Эске сала кетсек, З.Т.З учурда Кумтөргө байланыштуу абакта жаткан, Жогорку Кеңештин депутаты Зулпукаров Төрөбай Закирович

Ал КСДП фракциясынын депутаты, 2012-2015-жылдары вице-спикер болгон.

Ссылка: https://barometr.kg/ukmk-trbaj-zulpukarovdun-diplomu-zhasalma-ekeni-anyktaldy



Добавить комментарий