УКМК Алина Шаикова баштаган аткаминерлерди дагы деле издеп жатат

20 январь 2020 13:48 846 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Биринчи Май райондук соту Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы статс-катчысы Данияр Бакчиевге, Мамкаттоонун башчысынын мурдагы орун басары Руслан Сарыбаевге жана "Инфоком" мамлекеттик мекемесинин мурдагы директору Талант Абдуллаевге карата айыптоо өкүмүн чыгарды. Бул тууралуу УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынан кабарлашты.

Алар жаңы үлгүдөгү биометрикалык паспорттонго бланка сатып алуу үчүн өткөн тендерде коррупциялык иштерге баргандеп айыпталууда. Соттун өкүмү чыккан тараптар мамлекеттик кызыкчылыгын өздөрүнүн кызыкчылыгынан жогору койгон деп айыпталууда.

Райондук сот аткаминерлерди Кылмыш жаза кодексинин "Коррупция" беренеси менен күнөөлөп, аларды тергөө органдары менен кызматташканын эске алуу менен жеңидик карап, аларды айып пулга жыкты. Тактап айтканда, Сарыбаев 270 миң сом, Абдуллаев 270 миң сом жана Бакчиев 230 миң сом төлөмөй болду.

Ошондой эле сот Мамлекеттик каттоо кызматынын мурдагы башчысы Алина Шаикованы да айыптуу деп тапты. Учурда Шаикова эл аралык издөөгө алынган.

Биометрикалык паспортко бланк сатып алуу боюнча өткөн тендердеги коррупциялык иштерге тиешеси барларды аныктоо боюнча тергөө амалдары улантылууда.

Ссылка: https://barometr.kg/ukmk-alina-shaikova-bashtagan-atkaminerlerdi-dagy-dele-izdep-zhatat



Добавить комментарий