Уйку диетасы: Көп уктаган адам арыктайбы?

9 апрель 2019 09:52 20097 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Уктоо менен ашыкча салмактан арылуу ар бир адамдын кыялындагы диета болушу керек. Кантип деген суроо туулбай койбойт. Ашыкча салмактан арылыш үчүн уйкунун көмөгү зор экенин окумуштуулар белгилешкен.

Уйку диатесын кантип кармоо керек?

Баардык кардиналдуу өзгөрүүлөр жашоо образына таасир берет. Бул тамаша эмес, илимий далилдеген факты - салмак кошуу чарчоодон жана уйкунун жетишсиздигинен дагы келип чыгат.

Уйку диетасын сакташ үчүн эмне кылуу керек?

Күнүгө 3 маал эмес 5 маал тамактануу керек. Уктаарга 4 саат калганда акыркы тамак ичилиши зарыл.Эгер түнкү уйку 23.00дө баштала турган болсо саат 19.00дө акыркы тамакты ичүү керек.

Физикалык активдүүлүк

Физикалык активдүүлүк маанилүү, бир чарчап чаалыкпаган абалда күнүгө жарым сааттан ашпоосу керек. Бул үчүн жөө басуу, сууга сүзүү, велосипед, бий, машыгуу залындагы йога жетиштүү.

Меню

Курамында коеини бар тамак-аштардан: шоколад, чай, кофе, коладан алыс болуу.

Сунушталган азыктар:

 - жашылча кошулуп жасалган шорпо жана жашылчалар;

- деңиз азыктары;

- жемиштер;

- тооктун, үндүктүн эти;

- майлуулугу аз сүт азыктары;

- чөп чайлар;

- таза суу.

Уйку

Кечки 23.00дөн кечикпөөсү кажет. Күнүгө сегиз сааттан кем эмес уктоо зарыл.Уктоочу бөлмө караңгы жана салкын болуусу керек. Телефондор, гаджеттер өчүрүлүү болсун.

Бул системадан жумасына жарым килодон ашыкча салмактан арылат. Мүмкүн болсо мындай диетаны өмүр бою кармоо зарыл.

Ссылка: https://barometr.kg/ujku-dietasy-kp-uktagan-adam-aryktajby



Добавить комментарий