Популярдуу кышкы суусундуктар ден соолукка кооптубу? Диетологдордун жообу

7 февраль 2022 11:48 1693 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Диетологдор кыш мезгилиндеги популярдуу суусундуктардын организмге тийгизген таасири жөнүндө айтып беришти. Адистер алардын айрымдарынын кооптуулугун да аташты. Бул туурасында “Барометр” пайдалуу кеңештердин топтомун дайындады.

Кыш мезгилинде анар ширеси эң пайдалуу болот. Анар ширеси витаминдер, минералдар, антиоксиданттар жана биологиялык активдүү компоненттер менен камсыз кылып, үшүп калган адамдын жылынышына жана энергия алуусуна жардам берет.

Ошону менен катары эле корица, гвоздика жана имбир ден соолукка жакшы энергия берүүчү таасирге ээ: алар кан басымды нормалдаштырат, жылытат жана перифериялык кан айланууну жандандырат.

Диетологдор какаону пайдалуу суусундук деп да аташат. Адистердин айтымында, аны балдар да, кан басымы бар адамдар да ичиши мүмкүн, анткени какаонун курамында кофеин чай менен кофеге караганда аз. Бирок пайдалуу касиеттери, анын ичинде организмдин жалпы тонусунун жогорулашы, какаонун табигый порошогунда гана болот: антпесе, суусундук зыян келтирип, аллергия жаратышы мүмкүн.

Ошондой эле, ысык шоколад калориялуу болгондуктан этияттык менен мамиле кылуу сунушталат. Анткени жүз грамм суусундуктун курамында 500 калория бар. Эгерде адам спорт менен алектенсе, лыжа тебип же эртеден кечке сейилдеп жүрсө, анда бул суусундук машыгууга чейин, машыгуу учурунда же андан кийин күч берет. Бирок, диванга отуруп алып, аны ичпегениңиз жакшы.

Ошол эле учурда адистер облепиха чайын пайдалуу суусундук деп эсептеп келишет. Азыр кыш келди, тамак-ашыбызда жашылча-жемиштер жетишсиз, ошондуктан кыштын ортосунан баштап облепиха менен чай ичүү С витаминине каныгуунун башкы жолу.

Ссылка: https://barometr.kg/populyarduu-kyshky-suusunduktar-den-soolukka-kooptubu-dietologdordun-zhoobu



Добавить комментарий