Кардиолог кандай тамактар жүрөк оорусунун алдын аларын айтты

20 июнь 2022 13:05 2843 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жүрөк оорусун алды алуу үчүн, рационуңузга белокко бай азыктарды, жаңгактарды жана жаңы жашылчаларды кошуу керек. Бул тууралуу Москвадагы Боткин атындагы клиникалык ооруканасынын кардиологу Наталья Ляхованын жергиликтүү басылмаларга берген маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Өзгөчө жүрөк-кан тамыр оорулары менен ооруган адамдар үчүн диетаны кылдаттык менен тандоо керектиги айтылды.

"Тооктун төш эти, үндүк эти жана жаңгактар жүрөктүн иштешине жакшы таасир этет. Майлуу балык жана жашылчалар дагы пайдалуу. Брокколи, калемпир, жашыл салат дарттын алдын алат. Ошону менен катары эле дан эгиндеринен жасалган азыктардан да качпаңыз.

 Майлуу жана куурулган тамактар, ышталган эттер, колбасалар, ашыкча туздуу тамактар жүрөккө эң жаман таасирин берет. Ошондой эле фаст-фудду жана бардык закускаларды, чипсилерди колдонуу сунушталбайт. Газдалган суусундуктар жүрөккө эң зыяндуу”, -деди адис.

“Жүрөк оорусунан жапа чеккен адамдар үчүн, бардык сүт азыктары жана курамында май көп болгон тамак-аштар сунушталбайт”, -деп кошумчалады кардиолог.

Буга чейин дарыгер таттуулардын, бышырылган азыктардын жана гликемиялык индекси жогору болгон азыктардын курамындагы кант жүрөк үчүн кооптуу деп айткан.

Ссылка: https://barometr.kg/kardiolog-kandaj-tamaktar-zhrk-oorusunun-aldyn-alaryn-ajtty



Добавить комментарий