УЕФА Чемпиондор Лигасы: ПСЖ 1/4 финалдык баскычка маанилүү кадам жасады
Кечээ Европа футбол федерациясынын (УЕФА) Чемпиондор Лигасынын 1/8 финалдык баскычтагы алгачкы беттештери өттү. УЕФА уюмунун расмий сайты билдиргендей, анда Англиянын Манчестер Юнайтед клубу өз талаасында Франциянын Пари Сен-Жермен (ПСЖ) командасын калып алып, беттеш франциялыктардын пайдасына 0-2 эсеби менен аяктады.
Голдорду беттештин экинчи бөлүгүндө париждиктердин коргоочусу Преснель Кимпембе менен чабуулчу Килиан Мбаппе киргизди.
Адистер муну менен ПСЖ мелдештин 1/4 баскычына маанилүү кадам жасады, деп белгилешүүдө.
Ал эми бул күндөгү дагы бир беттеш италиялык "Рома" менен португалиялык "Порту" клубунун ортосунда болуп, Рома 2:1 эсебинде утуп алды. Беттештин 70 жана 76-мүнөттөрүндө Николо Дзаньолонун киргизген эки голуна 79-мүнөттө Портулуктардан Адриан Лопес бир гол менен жооп кайтарган.
Ал эми бүгүн Тоттенхэм Хотспур – Боруссия Дортмунд, Аякс – Реал Мадрид командаларынын беттештери өтөт.
Ссылка: https://barometr.kg/uefa-chempiondor-ligasy-pszh-kijinki-baskychka-maanil-kadam-zhasady
Добавить комментарий ×