Учакка түшкөндө башкалардан кагуу жеген аял 76 килограммга арыктады

29 январь 2020 18:20 728 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Канаданын тургуну учакка түшкөндө башка жүргүнчүлөр тарабынан өз дарегине жаман сөздөрдү уккандан кийин 76 килограммга арыктады. Бул тууралуу Daily Mail басылмасы жазды.

Ага ылайык, 32 жаштагы Келси Бонас учакка түшкөндө коопсуздук курун тагынарда ал чак келбей койгон. Бонас турмушка чыгып, Улуу Британияга көчүп келгенден кийин толо баштаган. Ал жактан тез татым тамактарына көп ыктап, тез эле толуп кеткен.

Бонас “Макдональдс” тез татым жайына күнүнө эки же үч жолу барчу. Жыйынтыгында 136 килограмм болуп кеткен. Ашыкча салмактан улам балдары менен сейилдөө деги эле аларга кам көрүү бир топ кыйынчылыкты жараткан.

Учактагы окуя анын намысына тийгендиктен ашыкча салмактан толугу менен арылууну максат кылган. Алгач ашказанды кичирейтүү боюнча операция жасатып, 60 килограммга арыктаган. Андан кийин жашылча-жемиштерге басым жасаган.

Ссылка: https://barometr.kg/uchakka-tshknd-bashkalardan-kaguu-zhegen-ayal-76-kilogrammga-aryktady



Добавить комментарий