Канадада күндүн ысыгынан ондогон адамдар каза болду
Канадада мурда кийин болуп көрбөгөндөй аба ырайынын ысып кетишинен ондогон адамдар көз жумганын BBC кабарлады. Ванкувердин полициясы өткөн жума күндөн бери күндүн ысыгына байланыштуу 130 өлүм катталганын айткан. Жабырлануучулардын көпчүлүгү жашы улгайып калган же ден соолугу начар адамдар экени белгилүү болууда.
Шейшемби күнү, 29-июнда өлкөнүн Литтон аймагында күндүн табы рекорддук чекке жетип, 49,6 градуска чейин көтөрүлгөн. АКШнын түндүк-батыш аймактарында дагы адаттан тыш ысык аба ырайы катталууда.
Айлана чөйрөнү коргоо боюнча адистер бул жылы дүйнө жүзү боюнча аба ырайында күтүлбөгөндөй өзгөрүүлөр болушу ыктымалдыгын айтып жатышат. Бирок, мунун негизги себеби глобалдык жылуулануубу же башкабы, азырынча белгисиз.
30-июнда Кыргызстанда дагы аба ырайы ысык болду. Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, күндүн табы Бишкекте +37, Ысык-Көлдө +29, Нарында +30, Таласта +36, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +38 градуска чейин жетти.
Ссылка: https://barometr.kg/kanadada-kndn-ysygynan-ondogon-adamdar-kaza-boldu
Добавить комментарий ×