Канадада ысыктан миллиарддаган деңиз жандыктары тирүүлөй бышып калышты

9 июль 2021 13:52 1294 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Канадада болгон аномалдуу ысыктан улам миллиарддаган деңиз жаныктары кыргынга учурады. Бул тууралуу Toronto Star булагы кабарлаганын “Барометр” билдирет

Канаданын жээк аймактары Тынч океандын жээктериндеги аскаларда жашаган мидиялардын, үлүлдөрдүн, молюскалар жана деңиз жылдызчаларынын калдыктарына толуп кетти. Алар тайыз сууларда күндүн ысыгынан тирүүлөй бышып калышкан.

Биологдор жээктердеги температураны +50 градус деп катташты. Мындай деңиз жандыктары +30 градуска чейинки ысыкты гана көтөрө алары айтылды.

 

Ссылка: https://barometr.kg/kanadada-ysyktan-milliarddagan-deiz-zhandyktary-tirlr-byshyp-kalyshty



Добавить комментарий