Россия Кыргызстанга жугуштуу ооруларды аныктоочу мобилдик жабдууларды берди

2 ноябрь 2022 15:14 840 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Россия Кыргызстанга жугуштуу ооруларды аныктоочу мобилдик жабдууларды берди. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына таянып “Барометр” билдирет.


Маалым болгондой, 31-октябрда КР Саламаттыкты сактоо министрлиги Россиядан мобилдик жабдууларды алды.
Жардам Роспотребнадзор тарабынан Чыгыш Европа, Кавказ жана Борбордук Азия өлкөлөрүндө жугуштуу оорулардын алдын алуу жана диагностикалоо кызматтарын колдоонун алкагында көрсөтүлдү.

Мобилдик жабдууларды тапшыруу аземине Саламаттыкты сактоо министринин орун басары Бүбүжан Арыкбаева жана мобилдик медициналык комплекстерди иштеп чыгуучу жана чыгаруучу  "ДжиСиМед" ЖЧКсынын директорунун орун басары Светлана Хилькевич катышты.

Министрдин орун басары Бүбүжан Арыкбаева россия тарапка эффективдүү эпидемиологиялык көзөмөлдөө тутумун түзүп,  Кыргызстанда жугуштуу оорулардын алдын алуу жана диагностикалоону жакшыртуу мүмкүнчүлүгү үчүн ыраазычылык билдирди.

Тапшырылган Камаз үлгүсүндөгү унаанын негизинде көчмө дарылоо-профилактикалык комплекс Нарын облустук СПИДдин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү борборуна, ал эми ГАЗОН унаасынын негизиндеги көчмө эмдөө комплекси Республикалык иммунопрофилактика борборуна өткөрүлүп берилди. Ошондой эле эмдөө программасына ылайык, быйыл  гепатит Вга каршы 450 миң доза вакцина келүүсү күтүлүүдө.

Эскерте кетсек, буга чейин Россия Федерациясынын Роспотребнадзор кызматы Кыргыз Республикасына КАМАЗ үлгүсүндөгү унаанын негизиндеги беш мобилдүү клиниканы (Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл облустарында) өткөрүп берген. Алар учурда жашоочулар арасында акысыз профилактикалык кароолорду, анын ичинде ВИЧ/ СПИД, вирустук гепатит жана сифилиске экспресс-тестирлөө жүргүзүүдө.

Ссылка: https://barometr.kg/rossiya-kyrgyzstanga-zhugushtuu-oorulardy-anyktoochu-mobildik-zhabduulardy-berdi



Добавить комментарий