Түз эфир учурунда үй-бүлөлүү журналисттин үйүнөн жылаңач кыз көрүндү
Испаниялык журналист Альфонсо Мерлос түз эфир учурунда ыңгайсыз абалда калды. Ал пандемия боюнча талкууга үйүнөн түз эфирге чыгып жатканда анын артынан колуна бир нерселерди көтөргөн жылаңач кыз өтүп кеткен.
Окуянын аябай талкуу жаратышына жылаңач өтүп кеткен кыз журналисттин аялы Марта Лопес эмес, телеалып баруучу Алексия Ривас болгону себеп болду.
Бул видео Испаниядагы таблоиддер менен твиттерге аябай талкуу жаратып, бир күндө эле бир нече миллиондогон киши көрдү.
Өз кезегинде Алексия Ривас Альфонсо анын түгөйү жок экенин айтканын билдирип чыкты.
“Мен жалгызмын. Ал дагы жалгыз экенин айтты. Биз үч жумадай жолуктук”, — деди Алексия.
Альфонсонун дагы бир сүйлөшүп жүргөн кызы Марта Лопес дагы үн катып, болгон окуя уят-сыйыттын жеткен чеги экенин айтып, ал үчүн уяла турганын билдирди.
Альфонсо чындыгында ката кетиргенин айтып, мурдагы сүйлөшкөн кызынан кечирим сурады.
Ссылка: https://barometr.kg/tz-efir-uchurunda-j-bll-zhurnalisttin-jnn-zhylaach-kyz-krnd
Добавить комментарий ×