Суракматов Бишкек шаарынын мэринин ыйгарым укуктарын Нариман Түлеевге өткөрүп берди

20 октябрь 2020 15:03 2904 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Бүгүн, 20-октябрда маалымат жыйынында Азиз Суракматов кызматтан кетерин расмий билдирип, ыйгарым укуктарын жана иштерин жаңы биринчи вице-мэр Нариман Түлеевге өткөрүп берди.

Нариман Түлеев журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, пландары жөнүндө айтып берди.

Маалымат жыйын учурунда Түлеев шаардагы мыйзамсыз курулуштарды токтотууга аракетин жумшарын билдирди.

"Мен уруксат кагаздары жок курулуш иштерин жүргүзүп жаткандарды билем. Биз бул маселени чечебиз", - деди Түлеев.

Ошондой эле, ал шаарды жашылдандырууга көңүл бурууну көздөп жаткандыгын белгиледи.

“Мага бир аз иштегенге убакыт бериңиздер. Мен шаарды жашылдандыруу боюнча бар күчүмдү жумшайм”, - деди Түлеев.

Түлеев Бишкек шаарынын эң негизги көйгөйү болгон коомдук транспорт тууралуу да токтолуп кетти.

«Биз ушул багытта иш алып барабыз. Эң негизгиси каражат. Эгер каражат бар болсо, анда бардыгы болот”, - деди Нариман Түлеев.

Ошону менен катары эле, ал шаар ичинде кичи автобустардын санын кыскартуу маселесине да токтолуп кетти.

“Маршурткалардын санын азайтыш керек. Мурда мен мэрдик кызматта турганда 1800 кичи автобустарды линядан алып койгондо чоң нааразычылыктар болгон.  Анткени ошол эле шаардык кеңештин депутаттары жана чиновниктери кичи автобустарга ээлик кылышат», - деди ал.

Эскерте кетсек, Түлеев 2008-2010-жылдары Бишкек шаарынын мэри болуп иштеген.

Ссылка: https://barometr.kg/tyuleev-ata-trk-sejil-bagyndagy-zherler-maga-chejin-ele-satylyp-ketken



Добавить комментарий