Тыныбекова: "Спорттук карьерам аяктаганга чейин саясатка аттанбайм"

12 август 2020 09:26 5800 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова спорттук карьерасын жыйынтыктаганга чейин саясатка аттанбай турганын билдирди. Бул тууралуу анын социалдык тармактагы баракчасына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Саясат спортчунун алдыга койгон максаттарына жетүүсүнө жолтоо болуусу мүмкүн экенин Тыныбекова белгиледи. Ошондой эле ал 2021-жылы өтө турган Олимпиада оюндарына кызуу даярданып жатканын айтты.

“Учурда жашообуз өз нугуна түшүп бара жаткандай. Мындан ары өлкөбүздө кыйын кырдаал болбошун Кудайдан тилейм. Күзүндө Кыргызстанда парламенттик шайлоо өткөнү турат. Буга байланыштуу төмөндөгү өз ниетимди билдирип койгум келди. Мен спорттук карьерам аяктаганга чейин саясатка аттанбайм жана аралашпайм. Себеби, саясат спортчунун алдына койгон максатына жетүүсүнө тоскоол болушу мүмкүн. Учурда 2021-жылы боло турган Олимпиада оюндарына өз машыгууларымды баштадым. Бул Олимпиадада чоң ийгилик жаратуум керек. Ал үчүн тынымсыз машыгып жатам. Менин убактым саясатка эмес, машыгууга араң жетүүдө. Мага Кыргызстандын желегин дүйнө жүзүнө желбиретүү өтө маанилүү. Жүрөгүмдө дайыма кыргызстандыктар жана күйөрмандарым. Баарыңыздарга ден соолук каалайм”, - деп жазган Тыныбекова.

Ссылка: https://barometr.kg/tynybekova-sporttuk-kareram-ayaktaganga-chejin-sayasatka-attanbajm



Добавить комментарий