Twitter миллиондогон колдонуучулардын маалыматтарын ачыкка чыгарды деп шектелүүдө

26 декабрь 2022 09:17 951 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Евробиримдик Ирландиянын маалыматтарды коргоо комиссиясынын демилгеси менен Twitter‘де "колдонуучулардын жеке маалыматтары камтылган бир нече маалыматтар топтому" ачыкка чыгышы мүмкүндүгүн текшерүүнү баштады. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

 "Бул маалымат топтомдору дүйнө жүзү боюнча болжол менен 5,4 миллион Twitter колдонуучуга тиешелүү жеке маалыматты камтыйт", - деп айтылат комиссиянын билдирүүсүндө. 

Европалык жөнгө салуучу органдын айтымында, ачыкка чыккан маалымат базаларында колдонуучунун аттары, ошондой эле аларга берилген электрондук почта жана телефон номерлери болушу мүмкүн.   

ММКлар болжолдуу маалымат Илон Маск Twitter’дин жетекчилигине келгенге чейин болгонун, бирок компромисс тууралуу маалымат тастыкталса, бул миллиардерди жоопкерчиликтен бошотпой турганын жазышууда.   

Twitter азырынча тергөө жүрүп жатканы боюнча комментарий бере элек. Өз кезегинде Ирландиянын Маалыматтарды коргоо комиссиясы журналисттерди социалдык тармактын өкүлдөрү уюм менен иштешип, бир катар суроолорго жооп беришкендигине ишендирди.    

Ссылка: https://barometr.kg/twitter-milliondogon-koldonuuchulardyn-maalymattaryn-achykka-chygardy-dep-shekteld



Добавить комментарий