Тверь шаарында таксисттерге кол салган кыргыз жараны кармалды

8 июнь 2021 10:56 4069 Айпери Эшенкулова
Бөлүшүү:
ok

Кечээ, 7-июнда Москва шаарында Шереметьево аэропортунан Тверьдеги таксистти сүзүп кеткен Кыргызстандын жараны кармалды. Ошондой эле, ал андан мурун башка таксистти тоногон. Бул тууралуу Тверь облусу боюнча тергөө комитетинин     маалыматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалыматка ылайык, 2016-жылы аталган адам тоноо максатында күнөөлүү деп табылган.

2016-жылдын январь айында ал шериктери менен таксини токтотуп, Калинин районундагы Кривцово айылына жеткирип коюуну суранган. Ал жерден алар айдоочуга кол салышып, буюмдарды жана акчаны алып, унааны алып кетишкен.

Бул кылмыштан кийин айыпталуучу жана анын шериктери башка таксистти сүзүп кетишкен.

Кыргызстандын жараны полицияга карматай Россиядан чыгып кетип, жоопкерчиликтен качып жүргөн.

Учурда кылмыш иши сотко өткөрүлүп берилди.

Ссылка: https://barometr.kg/tver-shaarynda-taksistterge-kol-salgan-kyrgyz-zharany-karmaldy



Добавить комментарий