Турмушка чыкпай эле бала багып алуу туура болобу?

23 август 2021 17:06 1931 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Жигит менен сүйлөшкөндөн дагы, турмушка чыккандан дагы, балалуу болгондон дагы корко берем”,-дейт Сезим.

Barometr.kg сайтынын дарегине, соцтармактагы баракчасына көптөгөн каттар келет. Аларга жооп иретинде биз “Айым сыры” деп аталган рубриканы сизге сунуштайбыз. Жан дүйнөңүздү түйшөлткөн суроолор болсо окурмандарга кайрылып пикир алсаңыз болот. Маселени кээде башкача чечүү дагы ишке көмөк берерин унутпаңыз!

Бул жолу Сезим (аты өзгөртүлдү) аттуу окурмандын жазган катын сизге сунуштайбыз.

“Саламатсыздарбы, мени бир нерсе акыркы учурда көп ойлондуруп жүрөт, башкаларга деле айта албайм. Сиздердин рубриканы окуп мен дагы элдин пикирин уккум келди. Менин бир кулагым начар угат, ар дайым  кулагыма аппарат тагынып жүрөм. Бала кезимде ата-энем ооруганда жакшы дарылата албай калышып, ошол боюнча өнөкөткө айланып кеткен. Көп жыл дарылансам да болбоду. Азыр жакшынакай балдар сөз айтышса деле тартынып качып жүрөм. Алар менин абалымды билип калбаса экен деп бир эки ирет жолугуп анан кетип калам. Кээ бирөөнө абалымды айтсам, өздөрү эле кетип калат. Жашым 31де, турмуш курууну ойлоном. Тааныштарым болсо “турмушка чыкпай эле өзүң үчүн балалуу болуп ал, же бала багып ал!” деп кеңеш берип жатышат. Алар “баары бир турмушка чыга албайсың” деп кыйытып жаткандай сезе берем. Жигит менен сүйлөшкөндөн дагы, турмушка чыккандан дагы,балалуу болгондон дагы корко берем. Мындай учурда кандай кылсам туура болот кеңеш бериңиздерчи?”,-деп кайрылды Сезим.

Сиз Сезимге кандай кеңеш берет элеңиз урматтуу окурман?

Ссылка: https://barometr.kg/turmushka-chykpaj-ele-bala-bagyp-aluu-tuura-bolobu



Добавить комментарий