Иштеп жүрүп үйүн карай албаган аялдар эмне кылыш керек?

23 июня 2022 08:07 3014 5 Barometr
Поделиться в:
ok

“Алар мени тазалыкты сактабаган, жүдөө аял деп күнөөлөп жатышат”, - дейт Чынара.

Barometr.kg сайтынын дарегине, соцтармактагы баракчасына көптөгөн каттар келет. Аларга жооп иретинде биз “Айым сыры” деп аталган рубриканы сизге сунуштайбыз. Жан дүйнөңүздү түйшөлткөн суроолор болсо окурмандарга кайрылып пикир алсаңыз болот. Маселени кээде башкача чечүү дагы ишке көмөк берерин унутпаңыз!

Бул жолу Чынара (аты өзгөртүлдү) аттуу окурмандын жазгандарын сунуштайбыз.

“Саламатсыздарбы, мени бир суроо ойлондуруп жатат. Тигүү цехинде иштейм. Таң эрте жумушка кетип кээ күндөрү эл жатарда жумуштан келем. Үч балам бар. Өздөрү бири бирин карашат, улуусу 6-класста. Кечинде чарчап келип бут тартпай жыгылам. Үй оокаттарын карай турганга күчүм калбай калат. Эс алуу күндөрү баарын жасаганга аракет кылам. Балдарыма, жолдошума көңүл бөлө албай жүргөнүм чын. Жолдошум анда-санда чыккан жумуштарга иштеп калат. Эки жылга жакын убакыттан бер күйөөм жана кайын эжелерим бир тарап болуп мени басынтып жатышат. Алар мени тазалыкты сактабаган, жүдөө, кир, семиз аял деген шылтоо менен күнөөлөп, ал тургай ажыраштырууга аракет кылышууда. Мен болсо иштебей коюп үйдү эле карап отурайын десем жолдошумдун тапканы жетпейт. Насыя да алганбыз, ошону төгөлү деп аракет кылам. Ушундай жагдайда эмне деп кеңеш бере аласыздар?”, - деп кайрылды Чынара.

Чынарага эмне деп кеңеш бере аласыз урматтуу окурман?

Ссылка: https://barometr.kg/ishtep-zhrp-jn-karaj-albagan-ayaldar-emne-kylysh-kerek



Добавить комментарий

  • азыр ушундай аялдар толтура, кандай куйоо экен, озу бакпай анан арык сулуу аял алыгысы келген акмак десе андайды бир жерге тееп кубалап чыгыш керкк
  • Томпоюп эле иштеп атсан ошо да аялдай болуп озун караш керек да, уйду жыйнап тамакты жасап
  • Менимче озунуз деле 3 баланы жакшы бага аласыз, бироо туну бою иштеп тапса бироо оной эле 2 саат иштеп табат акчасын, сындап болбойт, куйонуз иштебесе, эркек катары уйду камсыздабаса, жок дегенде аялдарга кошулуп алып сизди сындабасын,каалагандай жашаныз, эн башкысы, туура эмес жолго барып, ууру кылып акча тапкан жоксуз, бирок озунузду да аяныз,иштеп жатып Ден соолуктан кетесиз, эркек эчтекени баалабайт, сиз ооруп калганда карабайт, сиз эки киши учун иштеп журуп ооруп калганынызды тушунбойт
  • тушуном мындай окуя менин да башыман откон сабыр кылынз баары жакшы болот
  • Мындай куйонун барынан жогу