Турмушка чыгып, бирок жолдошу Россияга иштеп кеткендер кандай кылышы керек?
“Кайынэнем мени да Россияга жибергиси келбейт. Керели кечке жумуштан колум бошобойт”, - деп жазды окурман.
Barometr.kg сайтынын дарегине, соцтармактагы баракчасына көптөгөн каттар келет. Аларга жооп иретинде биз “Айым сыры” деп аталган рубриканы сизге сунуштайбыз. Жан дүйнөңүздү түйшөлткөн суроолор болсо окурмандарга кайрылып пикир алсаңыз болот. Маселени кээде башкача чечүү дагы ишке көмөк берерин унутпаңыз!
Бул ирет Мээрим (аты өзгөртүлдү) аттуу каарман кайрылды.
“Мен атым Мээрим, 22 жаштамын.18 жашымда турмушка чыккам, жолдошум экөөбүздүн бир уулубуз бар. Жолдошум үйлөнгөндөн кийин бат эле “акчам таап келип, үй салам, бутка туралы” деп Россияга иштеп кеткен. Байланышып турабыз. Кайынэнем мени да Россияга жибергиси келбейт.
Керели кечке жумуштан колум бошобойт. Жолдошума айтсам, “азыр бала кичинекей келип эмне кыласың, апам менен эле жашай бер”, - дейт. “Мен апаңа турмушка чыктым белем төрт жылдан бери унчукпай эле сени күтүп жашап келе жатам” десем таарынды.
Эл катары мен дагы үй-бүлөм, балам, күйөөм болуп жашагым келет. Бир жолу кайынэнем сүйлөнүп, үйдө кезектеги чыр чыкты. Кетем десем “баланы таштап бара бер” дейт. Менин керегим жок, небереси эле керекпи деп ойлодум. Жолдошум дагы мени телефондон урушуп, көңүлүмдү катуу оорутту. Азыр эмне кылышты билбей турам. Кетип калсам, балам эмне болот. Кетпей койсом кайынемдин заар тилине чыдап жаштыгым өтө береби?”, - деп кайрылды Мээрим.
Бул окуяга сиз кандай көз караштасыз, окурман?
Ссылка: https://barometr.kg/turmushka-chygyp-birok-zholdoshu-rossiyaga-ishtep-ketkender-kandaj-kylyshy-kerek
Добавить комментарий ×