Атасы кетип калганын кызыма кантип айтам? Кеңеш күтөм!

26 июля 2021 17:11 3900 Barometr
Поделиться в:
ok

“Атасына кайрылат элем! Кайда жүрсөң да кызыңа бир чалып сүйлөшүп койчу же келип кетчи. Өзүң түшүндүрчү деп. Сиздер кандай деп кеңеш бересиздер, ушундай абал башыңыздардан өткөндөр барбы?”,-деп жазды окурман.

Barometr.kg сайтынын дарегине, соцтармактагы баракчасына көптөгөн каттар келет. Аларга жооп иретинде биз “Айым сыры” деп аталган рубриканы сизге сунуштайбыз. Жан дүйнөңүздү түйшөлткөн суроолор болсо окурмандарга кайрылып пикир алсаңыз болот. Маселени кээде башкача чечүү дагы ишке көмөк берерин унутпаңыз!

Бул ирет Самара (аты өзгөртүлдү) аттуу келиндин суроосуна жооп издеп көрдүк.

“Мен Бишкектеги ооруканалардын биринде медайым болуп иштейм. Эки кызым бар. Жолдошум менен былтыр ажырашкам. Эки тараптан тең эле күнөө кетти, кайын журтум киришти, жолдошумду тигил-бул деп күнөөлөбөйм. Эки айрылыш жолго түшкөндөн кийин депрессия болуп жүрүп эми жакшы болдум. Акчадан деле, жашоодон деле кыйналган жокмун, кыздар менен ата-энемдин жанына барып алгам. Аябай жакшы карашат, мени да неберелерин да. Кичүү кызым бешке чыккан, атасын аябай жакшы көрчү. Бир жылдан бери атасын аябай күтүп жүрөт, “кеткен бизден” десек эмнеге кеткенин түшүнбөй калды окшойт. Кайра эле “атам качан келет?” деп сурай берет.

Өткөндө жумушума үйдөн апам чалып “кызың жок, эртең менентен бери таппай атабыз” деди. Жүрөгүм оозума тыгылып такси менен жетип барсам, табышыптыр. Үйдөгү сиңдим “атаң жок кеткен, эми сага келбейт” деп катуу айтып койгон экен. “Атама кетем” деп кийимдерин алып, атасы сатып берген куурчагын көтөрүп акырын үйдөн качып кетиптир. Адашып жүргөн жеринен кошуналар таап келишиптир. Ошондон бери сарсаана болуп жатам.Улуу кызым жетиге чыгып калды, окуу менен алек болуп көп деле атасын сагынганын же сагынбаганын билгизген жок. Кичүү кызыма кантип түшүндүрүүнү билбей жатам. Атасы болсо телефонун албайт, тааныш жеңелерим Россияга кетти деп жатышат.Атасына кайрылат элем! Кайда жүрсөң да кызыңа бир чалып сүйлөшүп койчу же келип кетчи. Өзүң түшүндүрчү деп. Сиздер кандай деп кеңеш бересиздер, ушундай абал башыңыздардан өткөндөр барбы?”,-деп жазды Самара.

Бул тууралуу кандай кеңеш бересиз урматтуу окурман?

Ссылка: https://barometr.kg/atasy-ketip-kalganyn-kyzyma-kantip-ajtam-keesh-ktm



Добавить комментарий