Турмуш сизге эскертүү берип жаткан жокпу? Белгилерин билип алыңыз!

11 июль 2019 17:02 15380 1 Barometr
Бөлүшүү:
ok

“Адамдардын жашоосунда эч нерсе жөндөн-жөн болбойт. Бул белгилерди дайыма эске ала жүргөн адам өзүнүн ички интуициясын гана уга билбестен, ар түрдүү жаман нерселерден коргонуп, ийгиликтерге жол ачылат” дешет биоэнергетиктер. Турмуш сизге эмнелерди эскертип жатканын төмөнкү белгилерден билсеңиз болорун barometr.kg сунуштайт.

1.Оорунун пайда болушу

Адамдын ар түрдүү ооруга көп чалдыга башташы турмуштун бир белгиси болуп саналат экен. Бул белги адам туура эмес жолду тандап жатканынан, кайсы бир эски ойлор менен эски көз караштардан, таарынычтардан, тынчсыздануулардан арыла албай жатканынан кабар берет. Ойлонуңуз начарлап, бирөөлөргө кек санап, жаман карап, жаман ойлоп, жамандык тилеп жаткан жоксузбу? Же болбосо өзүңүздү бир алсыз инсан сезип курмандык болуп алган жоксузбу? Мүнөзүңүздө текебердик жокпу? Андай болсо тобоо кылып Кудайдан кечирим сурап, жагдайды түздөгөнгө аракет кылыңыз.

Мындай жол менен адам өзүнүн жасап жаткан ишин токтотуп туура багытка жол алышы керек. Адам чыныгы өзүнүн жолун тапканда гана бактылуу болмокчу.

2.Колду кесип алуу, тытылуу, көгала болуу

Акыркы кездерде колу-бутуңузду бурчтарга, каалгаларга көп уруп ала бересизби, ашканада тамак-жасап жүрүп колду көп жаракат кылып жатасызбы? Мындай жаракаттардын баары сиздин алдыга туура эмес максат коюп алып жатканыңызды эскертет экен.

Өзүңүздүн максаттарыңызды карап чыгыңыз! Башкалардын тилин угуп кете бербеңиз.

3.Маселелердин көбөйүп кетиши

Жолуңуз ар дайым болбой эле тоскоолдуктарга кабылып, көп күчүңүз менен убактыңыз кетип жатабы.Бул дагы туура эмес жолду тандап алганыңыздын белгилери болушу мүмкүн экен. Бул дайыма чечимди туура эмес жагына кабыл алып жаткандыкты түшүндүрөт экен.

3.Түш көрүү

Ар бир адам түш көрөт алардын айрымдары таң калыштуудай реалдуу көрүнөт. Кайра кайра көргөн түштүн маанисин эстеп ойлоруңузду жакшы жагына өзгөрткөнгө аракет кылыңыз!

4. Кооптонуу сезимдери

Кээде коркунуч жөндөн-жөн келип чыкпайт.Күтүүсүздөн эле коркуу сезиминин пайда болушун да эске алуу керек экен. Мисалы, бир жерге барарда катуу тынчыңыз кетип жатса анда жолго чыкпай эле коюңуз. Адамдын ички туюму менен коркучтары окуяны алдын ала билиши мүмкүн экен.   

6. Өзүңүздүн туура кылып жатканыңызды сезүү

Дүйнөнүн баары сизге каршы чыгып жатса да ичиңизден өзүңүздүн туура жолдо баратканыңызды сезүү, ошого жараша ички көңүлдүн ток болушу да бул белгилердин бири болуп саналат.Мындай учурда өзүңүз бет алган жагыңыздан тайбай, аракет кыла билиңиз.

Кандай болгон күндө да адамдын жашоодогу белгилерди көрө билиши, ички туюмду уга билиши маанилүү экен.  

 

Ссылка: https://barometr.kg/turmush-sizge-eskert-berip-zhatkan-zhokpu-belgilerin-bilip-alyyz



Добавить комментарий