Төшөктө мыкты боло турган аялдын белгилерин билип алыңыз!
Аял акылдуу, юморду түшүнө билген болсо абдан жакшы. Бирок жеке жашоодо аны бул сапаттар бактылуу кыла албайт. Бүгүн barometr.kg аялдын психологиянын тили менен аятканда сексуалдык жактан “жетилгендигинин” белгилери тууралуу россиялык психотерапевт жана сексолог Лариса Штарктын пикирин сунуштайт.
Төшөктө мыкты аялдын белгилери тууралуу сексологдун пикири төмөнкүдөй болду.
Аял эркекке мээрим менен карайт
“Чыныгы төшөк мамилесине аялдар 20-23 жашынан баштап жакшылап көңүл бөлө баштайт”,- дейт психотерапевт. “Терориялык жактан алганда бул учурдан тартып аял психосексуалдык өнүгүүнүн баардык баскычтарынан өтүп эркектин талаптарын түшүнө баштайт. Ал эркекти дос катары көрүп, башка адам экенин ойлоп, ал үчүн тынчсыздануусу пайда болот. Ал эркектин маселесин өз алдынча чечкенге жардам берет. Мындай аял төшөктө да жакшы болууга өтөт.
Эркектер менен тез тил табышат
Чыныгы төшөктө мыкты боло турган аял эркектер менен тез тил табышат, аларга кызыкканын алдыртан билгизүүнү үйрөнөт, симпатия менен карайт. Өз сезимдерин ачык түрдө же кыйыткан түрдө билдиргенден тартынбайт. Жолугушууга, сүйлөшүүгө каалоосу бар экенин билгизет.Курулай эле уяла берүүдөн кутулат.
Өзүнүн келбетин дене түзүлүшүн кандай болсо ошондой кабыл алат
Төшөктө мыкты аял боло турган айымдар өздөрүнүн келбетин туура кабыл алат. Арыкмын, толукмун, боюм кичине, упузунмун, өңүм сулуу же тескерисинче серт, мурдум картошкадай дебейт. Комплекси көп аял төшөктө эркекти гана эмес өзүн да жадатып жиберет.
Эркекти каалоосун айттырбай түшүнөт
Интимдик мамиле-бул жыныстык гана мамиле же эркелешүү гана эмес. Чыныгы аял сезимтал болот. Төшөктө мыкты аял көп учурда мырзанын эмне каалап жатканын сезе билет.
Мамилелери төшөк аркылуу чечпейт
Мындай аял ортодогу мамилени төшөк аркылуу чечпейт.Бир пайдалуу ишти эркекке жасатам деп төшөк оюндарын кылбайт.
Ссылка: https://barometr.kg/tshkt-mykty-bolo-turgan-ayaldyn-belgilerin-bilip-alyyz
Добавить комментарий ×