Төшү көрүнгөн көйнөктү ич кийимсиз кийген казак модель-депутаты талкууда

3 декабрь 2018 11:32 4204 Атыргуль Мухамматкулова
Бөлүшүү:
ok

Инстаграм интернет баракчасында Астана жаштар маслихатынын "депутаты" Динагүл Тасованын көргөзмөдө ич кийимсиз кийген көйнөгү кызуу талкууга алынууда.

Маалым болгондой модель кыз Астанада 1-декабрда өткөрүлгөн  Fashion Night Astana көргөзмөсүндө катышкан. Көргөзмөнүн негизги өзгөчөлүгү болуп көйнөктөрдү ич кийимсиз кийүү болгон.

Динагүлдүн жеке баракчасындагы сүрөттөр аркылуу анын төшү ачыктан ачык көрүнүп калганын байкоого болот. Мындан улам анын катаалуучуларынын басымдуу бөлүгү "уят" "уятсыз" деген өңдүү пикирлерди жазып калтырышууда.

Бирок бүгүн, 3-декабрда модель кыз иштеген уюм эч кандай мамлекеттик уюм эмес жана ал жөн гана жаштар кыймылы экендиги тууралуу маалыматты Данияр Есин аттуу Астана шаарын коомдук өнүгүүсү боюнча иштердин башчысы жазып чыкты. Маалыматта Тасованын депутат эместиги баса белгиленген. Бул маалымат менен Тасова да бөлүштү. Буга карабай анын дарагине айтылган терс пикирлер азайган жок.

Ссылка: https://barometr.kg/tsh-krngn-kjnkt-ich-kijimsiz-kijgen-kazak-model-deputaty-talkuuda



Добавить комментарий