Кыргызстандык Сезим Чотубаева Азиянын алдыңкы 20 моделинин катарына кирди

30 ноябрь 2020 17:36 2168 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Кыргызстандык модель Сезим Чотубаева эл аралык Face of Asia сынагынын финалына жолдомо ала алган жок. Бул тууралуу анын социалдык тармактагы баракчасына жарыяланган маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

“Онлайн-сынак сентябрь айында башталган, ага Азиянын 23 өлкөсүнөн 80 модель катышкан. Тандалган моделдер 100 күндүк сынакка катышып, Азиянын мыкты моделин аныкталды. Бирок, мен тилекке каршы финалга жолдонмо ала албай калдым. Азыркы этапта Кыргызстан Азиянын алдыңкы 20 моделинин катарына кирди. Мен муну менен сыймыктанам”, - деп жазды ал.



Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyk-sezim-chotubaeva-aziyanyn-aldyky-20-modelinin-kataryna-kirdi



Добавить комментарий