"Төрт саат боюу зордуктаган". Америкалык актер Арми Хаммер айыпталууда

19 март 2021 13:50 1384 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Америкалык актёр Арми Хаммер зордуктоо боюнча айыпталууда. Лос-Анжелестин полициясы бул боюнча тергөө ишин баштады. Бул тууралуу Us Weekly сайты жазган маалыматка шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, 24 жаштагы Эффи Анжелова актер Хаммер менен фейсбукта таанышып, 2016-2020-жылдар аралыгында кыз-жигит катары сүйлөшүп жүргөн, ал эми 2017-жылы актёр аны төрт саат бою мыкаачылык менен зордуктаганын айткан.

Лос-Анжелестин полициясы басылмага билдиргендей, бул иш боюнча тергөө иштери 3-февралда башталган.

Январь айынын ортосунда, Хаммер "Брак под дулом дробовика" аттуу тасмага Дженнифер Лопес менен тартылмак. Бирок, ага козголгон кылмыш ишине байланыштуу тасмага тартылуудан баш тартууга аргасыз болгон.

Хаммер дүйнөгө "Социальная сеть” , "Агенты А.Н.К.Л." ,  "Белоснежка: Месть гномов", "Назови меня своим именем" аттуу тасмаларындагы ролдору менен таанылган.

Ссылка: https://barometr.kg/trt-saat-boyuu-zorduktagan-amerikalyk-akter-armi-hammer-zorduktoo-boyuncha-ajyptaluuda



Добавить комментарий