Дүйнөнүн эң сексуалдуу мырзасы аныкталды

8 ноябрь 2023 15:18 1987 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Америкалык актёр Патрик Демпси People журналынын версиясы боюнча эң сексуалдуу эркектердин рейтингинде биринчи орунду ээледи. Бул тууралуу чет элдик басылмаларга шилтеме берип “Барометр” билдирет.

57 жаштагы актёр "Анатомия страсти" сериалында сүйкүмдүү дарыгер Дерек Шепарддын ролун аткарып белгилүү болгон.

Демпси элге бир гана актёр эмес спортчу катары да таанымал. 
Профессионал жарыш айдоочусу, 2015-жылы Ле-Мандагы 24 сааттык чоң жарышта күмүш медалдын ээси болгон.

"Мен такыр шок болдум, анан күлүп баштадым, бул тамаша эмеспи деп ойлодум”, -деп күлдү актёр.

Анын жубайы Жиллиан экөөнүн үч баласы бар. 
Жубайлардын 15 жаштагы Талула жана 10 жаштагы эгиздери Дарби менен Суливан атуу балдары бар.

Белгилей кетсек, буга чейин, эң сексуалдуу эркек наамынын биринчи ээси Мел Гибсон болгон. 
Ошондой эле, эң сексуалдуу эркектердин катарына Дэвид Бекхэм, Крис Хемсворт, Брэдли Купер, Адам Левин, Ченнинг Татум, Райан Рейнольдс кирген. 
 

Ссылка: https://barometr.kg/djnnn-e-seksualduu-myrzasy-anyktaldy-al-kim-boldu



Добавить комментарий