Төрөт үйүнүн жанында эки эркекти сабап кетишип бирөө каза тапты

10 апрель 2019 15:21 1080 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Төрөт үйүнүн жанында эки эркекти сабап кетиши бирөө каза тапты. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан кабарлашты. 

10-апрелде болжол менен саат 01:45те Бишкек шаарынын Ленин районунда №2 төрөт үйүнүн жанында оор абалда эки эркек киши табылганы тууралуу маалымат түшкөн.Окуя болгон жерге барган Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын ыкчам тобу сабалган эки эркекти тапкан.

 Эки кишинин бири 1974-жылы туулган А. И., учурда реанимацияда каза тапты, экинчиси 1983-жылы туулган У. А.,нын  абалы оор. 

Учурда ыкчам иликтөө иштери башталды.

Ссылка: https://barometr.kg/trt-jnn-zhanynda-eki-erkekti-sabap-ketiship-bir-kaza-tapty



Добавить комментарий