Түркияда жашыруу бөлмөдөн табылган сойкулардын арасында эки кыргызстандык кыз бар (видео)

29 сентябрь 2020 11:07 2061 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Түркиянын Трабзон шаарындагы мейманканага полиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн рейддер учурунда сойкулардын жашыруунун, адаттан тыш ыкмасын таап алышты. Бул тууралуу Dailu Star гезити жазып чыккан маалыматка таянып “Барометр” билдирет.

Полиция мейманкананы тинтүү учурунда, алардын көңүлүн мобилдик радиатор бурган. Радиатордун артында купеге кирип кетчү тешик бар болуп чыккан. Ал жерде үч сойку жашырынып кызмат кылып жүргөн. Кармалган сойкулардын экөө Кыргызстандан жана бирөө Молдовадан экени маалым болду.

Жашыруун бөлмөдө эки төшөк жана раковиналар гана болгон.

“Кыздарга сойкулук боюнча кылмыш иши козголду. Мындан тышкары, мейманкананын ээлери камакка алынып, сойкулук кызматын көрсөткөндүгү үчүн айып тагылды”, -деп айтылат маалыматта.

«Түркияда сойкулук мыйзамдуу, бирок сойкукананын лицензиясы болсо гана. Лицензиясы бар сойкуканада иштеген секс кызматкерлери каттоодо турушу жана инсандык күбөлүгү болушу керек, ошондой эле жыныстык жол менен жугуучу оорулар боюнча медициналык кароодон өтүп турушу керек », - деп жазат гезит.


Ссылка: https://barometr.kg/trkiyada-zhashyruu-blmdn-tabylgan-sojkulardyn-arasynda-eki-kyrgyzstandyk-kyz-bar-video



Добавить комментарий