Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча курама команда Дүйнө чемпионатына катышат

25 январь 2024 10:18 411 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Сууда сүзүү боюнча курама команда Дүйнө чемпионатына катышат. Бул тууралуу маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Маалым болгондой, Кыргызстандын сууда сүзүү боюнча улуттук курама командасынын мүчөлөрү Денис Петрашов жана Елизавета Печерских Доха шаарында (Катар) өтө турган Дүйнө чемпионатына катышат. 

Мелдеш 2-18-февраль күндөрү өтөт.

Курама команда башкы машыктыруучу Евгений Петрашовдун жетекчилиги алдында мелдешке катышат. Мелдештин жүрүшүндө жалпы 76 комплект медаль ойнотулат.


Ссылка: https://barometr.kg/kyrgyzstandyn-suuda-sz-boyuncha-kurama-komanda-djn-chempionatyna-katyshat



Добавить комментарий