Түрк компаниясы Кыргызстанда ПЦР тестирлөөнү жүргүзүү үчүн лаборатория ачат

11 сентябрь 2020 14:44 649 Barometr
Бөлүшүү:
ok

2020-жылдын 8-сентябрында Кыргыз Республикасынын Түркия Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым Укуктуу Элчиси Кубанычбек Өмүралиев ПЦР тесттерди чыгарган "DS Bio ve Nano Teknolojileri A.Ş." түрк компаниясынын башкы директору Динчер Шен менен жолугушту. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматына шилтеме берип “Барометр” билдирет.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар ыңгайлуу баада ПЦР тесттерин Кыргызстанга жеткирүү боюнча макулдашууга жетишишти. Ошол эле учурда, түрк компаниясы кыргыз адистерин окутуу үчүн өз адистерин бир жумага жиберүүгө жана кийинчерээк мини-лабораторияны түзө турган ПЦР анализин жүргүзүү үчүн QPCR жабдууларын өткөрүп берүүгө даяр.

Элчи Өмүралиевдин суранычы боюнча, Башкы директор Динчер Шен Кыргызстанда ПЦР тестирлөөнү жүргүзүү үчүн толук кандуу лаборатория ачууга жана Кыргыз Республикасынын аймактарында тестирлөөнү жүргүзүү үчүн мобилдик лабораторияны жабдууга даяр экендигин билдирди.

Ссылка: https://barometr.kg/trk-kompaniyasy-kyrgyzstanda-pcr-testirln-zhrgz-chn-laboratoriya-achat



Добавить комментарий