Төрага Дастанбек Жумабеков 100 жашка чамалап калган ардагер менен жолугуп, жеңиш майрамы менен куттуктады

8 май 2020 14:41 1296 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Улуу Ата-Мекендик согуштун ардагери Асек Урманбетовдун үйүнө барып, келе жаткан Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктады.  Айта кетсек, Асек Урманбетов быйыл 2-январда 97 жашка чыкты. Жолугушууда өмүрүнүн урунтуу учурларын кеп кылган ардагер өлкөдө болуп жаткан өзгөрүүлөргө баам салып, согуш жана андагы замандаштарынын эрдиктери жөнүндө жаш муундарга байма-бай айтып турарын билдирди. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди. 

Ошондой эле, ардагер бош убактысында чыгармачылык менен алектенип, роман, поэмаларды жазып келет. Төрага менен жолугушууда «Кылым карыткан өмүр» аталышында китеп жазып жатканын айтып, аны 100 жашка чыкканда окурмандарга сунуу тилегинде экенин кошумчалалды.

Өз кезегинде Жумабеков Улуу Ата-Мекендик согуштагы көрсөткөн каармандыгы үчүн ардагерге ыраазычылык билдирди.

"Мекенибиздин бүтүндүгүн, көп улуттуу совет элинин тынчтыгын коргоодо көрсөткөн эрдигиңиздер үчүн башымды ийип таазим этем. Сиздердин эмгегиңиздер биздин жүрөгүбүздө, Кыргызстаныбыздын тарыхында түбөлүк сактала берет. Жаркын келечек үчүн жасаган аракетиңиздердин баасы жок", – деди ал.

Жолугушуунун соңунда Жогорку Кеңештин Төрагасы Дастанбек Жумабеков ардагерге акчалай жардам жана атайын белектерди тапшырып, бекем ден-соолук, кажыбас кайрат тиледи.

Ссылка: https://barometr.kg/traga-dastanbek-zhumabekov-ardagerge-akchalaj-zhardam-zhana-atajyn-belekterdi-tapshyrdy



Добавить комментарий