Түптө милиция менен элдин мушташынын башка видеолору тарады

1 апрель 2020 19:28 1648 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Түптө милиция менен элдин мушташынын башка видеолору тарады. Ысык-Көл облусунун Түп районундагы Маяк айылынын тургундары обсервацияга каршы митингге чыгып, укук коргоо органдарынын өкүлдөрү менен жакалаша кетишкен болчу.

Айыл тургундары жайкы лагерде түзүлгөн обсервациянын шарты жок экенин айтышууда. Керек болчо суу менен ажаткана дагы жок.


Эл менен милиционелердин жакалаша кеткен башка видеосунда топтошуп турган элди, арасында атчандар дагы бар экенин көрүүгө болот. Эл бир маалда үймөлөктөшүп калганда бери жакта токтоп турган Honda Stepwgn үлгүсүндөгү автоунаадан атайын кийим кийген бир топ жигиттин түшүп, топтолуп турган элди карай чуркап кеткени тартылып калган.

Белгилей кетсек, Түп районунда чет жактан келген сегиз киши үй карантин режимин бузганы үчүн айылдын барына карантин киргизилген болчу.

Ссылка: https://barometr.kg/tpt-miliciya-menen-eldin-mushtashynyn-bashka-videoloru-tarady



Добавить комментарий