“Тор" тасмасынын жылдызы Италияда съёмка учурунда каза болду

23 май 2023 14:24 1114 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Британиялык актёр Рэй Стивенсон 58 жашында Италияда съемка учурунда каза болду. Бул тууралуу Daily Mail басылмасына шилтеме берип “Барометр” билдирет. 

Белгилүү болгондой, актёр бир нече күндөн бери Иския аралында тасмага тартылып жаткан.  
 

Ишемби күнү актёр өзүн жаман сезип, жергиликтүү ооруканага жаткырылган.   

Дүйшөмбү күнү анын абалы кескин начарлап, кечээ, 22-май күнү актер каза болгон. Өлүмдүн себеби ачыкталган жок.  

Рэй Стивенсон карьерасын 1993-жылы баштаган.    
Ал "Декстер", "Каратель: Территория войны", "Король Артур", "Адский бункер", "Медичи", сыяктуу тасамаларда роль жараткан, Марвелдин "Тор" жөнүндөгү тасмаларында, телесериалдарында башкы ролдордун бирин аткарган. "Рим" жана Дивергент” трилогиясында да ойногон.     
Актёрдун алдыдагы чыгармачылык ийгилиги  "Звездные войны" тасмасынын негизинде тартылган "Ахсока" сериалы болмокчу. Анда актёр негизги антагонисттердин бири Байлан Сколлдун ролун ойногон. Маалым болгондой, тасма буга чейин тартылып бүтүп, сериалдын чыгышы 2023-жылдын августуна пландалган.   
 
 
 
 

Ссылка: https://barometr.kg/tor-tasmasynyn-zhyldyzy-italiyada-syomka-uchurunda-kaza-boldu



Добавить комментарий