Токтогулда жеке ишкерди коркутуп акча талап кылганга шектелип, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

10 январь 2023 17:57 567 Barometr
Бөлүшүү:
ok

Токтогулда опузалап талап кылууга шектүү катары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсүн кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБдин маалыматына таянып “Барометр” билдирет.

Маалым болгондой, Токтогул райондук милицияга 8-январь күнү 28 жаштагы тургун  арыз менен кайрылган
“Ал өзүнүн арызында 2022-жылдын 31-декабрь күнү саат 14:30 чамасындаТоктогул шаарынын борбордук базарында соода кылып жаткан дүкөнүнө өзүнө бейтааныш болгон 25-30 жаштардагы бала келипэч бир себепсиз коркутуп, опузалап 5000 сом акча талап кылып, “Бербесеӊ башкача сүйлөшөбүз” – деп коркутупкетип калган. Андан кийин, 8-январь күнү саат 15:00 чамасында Токтогул шаарында өзүнүн жеӊил автоунаасында кетип бара жатканда, “Хонда Фит үлгүсүндөгү автоунаада 31-декабрь күнү 5000 сом опузалап талап кылган бала 2 бейтааныш шериктери менен келип токтотуп, автоунаасына салып кетишкенАлар Токтогул районундагы каналдын жанына алып барып, “31-декабрда эмнеге 5000 сом акча бербедиӊ” – деп оозго алгыс уят сөздөр менен сөгүп, уруп-тепкилепденесине жараат келтиришкендигин билдирген. 

Бул факты Токтогул РИИБдин КБРне Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 208-беренеси (Опузалап талап кылуу)  менен катталып, кылмыш иши козголгонЖабырлануучунун денесинен алган жарааттарын аныктоо максатындасоттук-медициналык экспертиза дайындалган. 

9-январь күнү жүргүзүлөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында,Токтогул РИИБдин жана ИИМдин Атайын багыттагы полкунун кызматкерлери тарабынан окуяга шектүү катары уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү, Токтогул районунун тургуну 1995-ж.т. М.Н. кармалыпубактылуу кармоочу жайга киргизилген.

Ал эми дагы бир Токтогул районунун тургуну1995-ж.т. А.Н. кармалып, тергөөгө камсыздалган. 

Азыркы учурда тергөө амалдары жүрүүдө”, -деп жазылат маалыматта.

Ссылка: https://barometr.kg/toktogulda-zheke-ishkerdi-korkutup-akcha-talap-kylganga-shektelip-uyushkan-kylmyshtuu-toptun-mchs-karmaldy



Добавить комментарий